ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2021-жылдын 16 - ноябры № 18
Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №60 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 2021-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №60 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн башчысы Б.Нурдиновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. №60 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн Үч-Терек айылынын З.Акаев көчөсүнүн №5 үйүндө жайгашкан имаратынын укук тастыктоочу документтери жок болгондуктан текшерип ,тиешелүү чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №60 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имаратына таза суу киргизип жана короосунун ичине 10(он) тонналык суу сактоочу кампасын курууга жардам көрсөтүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын .
4. Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча иш чараларды өз учурунда аткаруу жана мындан аркы №60 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн иштериндеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн айыл өкмөт менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү жагы №60 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жетекчиси Б.Нурдиновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев |