ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2021-жылдын 16 - ноябры № 25
Жетиген айылынын Ак-Жар участкасындагы «Т.Молдомусаев атындагы башталгыч мектептин алдында мектеп алдындагы бала бакчага эмерек сатып алуу» долбоорунун өздүк салымы үчүн , Атайын фонддон каралган 100000(бир жүз миң)сом акча каражатын кошумча бекитип берүү жөнүндө
Токтогул райондук Атайын фонддон каралган 100000(бир жүз миң) сом акча каражатын, Жалал-Абад Өнүктүрүү фондунан каржылана турган, Жетиген айылынын Ак-Жар участкасындагы «Т.Молдомусаев атындагы башталгыч мектебинин алдында мектеп алдындагы бала бакчага эмерек сатып алуу» долбоорунун өздүк салымы үчүн, инфляцияга байланыштуу баа өсүп кеткендиктен, кошумча бекитип берүү жөнүндө, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын фонддон каралган 100000( бир жүз миң ) сом акча каражаты Жетиген айылынын Ак-Жар участкасындагы «Т.Молдомусаев башталгыч мектебинин алдында мектеп алдындагы бала бакчага эмерек сатып алуу» долбоорунун өздүк салымы үчүн бекитилип берилсин.
2. Атайын фонддон каралган 100000( бир жүз миң ) сом акча каражатын, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын Аппаратынын 2222 статьясына отургузуп берүү жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Каралган акча каражатын, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын Аппаратынын 2222 статьясына отургузууну камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев |