КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезексиз 6- cессиясы
2021-жылдын 6 - октябры № 6/10
Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине жана 44–беренесинин 1–бөлүгүнүн 3–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2021–жылдын 25–августундагы №01–8/1138 кайрылуу катына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри кызмат ордуна Абдурахманов Куванычбек Нуралиевичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Калматовго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Калматов |