КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 24 - августу № 8
Дашман мамлекеттик коругу боюнча Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын тургундарынын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
2012-жылдан бери көйгөйлүү масселе болуп келе жаткан Дашман мамлекеттик коругу Кызыл-Үңкүр айыл аймагында жашоочу тургундардын жашоо шарттына тосколдук кылгандыгы. Дашман мамлекеттик коругунун мыйзамдары айыл тургун жашоочулардын шарттына туура келбестигин жана Дашман мамлекеттик коругуна каршы экендигин билдиришип жазган кайрылуусун эске алуу менен. Кызыл-Үңкүр айылдык кеңеши айыл аймагынын туруктуу (экономикалык жана социалдык жактан) өнүгүү проблемаларынын чечилишин жакшыртуу (күчөтүү) максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын тургундарынын жашоо жарттына 2012-жылдан бери тоскол болуп келе жаткан Дашман мамлекеттик коругун жокко чыгарып, мурдагыдай эле Кызыл-Үңкүр токой чарбанын карамагында калуусуна макул экендигин билдирет.
2. Дашман мамлекеттик коругун жокко чыгарып, мурдагыдай эле Кызыл-Үңкүр токой чарбанын карамагында калуу үчүн райондук администрацияга, КРнын Преиздентинин Жалал-Абад областык ыйгарым укуктук өкүлүнө жана тиешелүү жогорку органдарына кайрылуу жагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын башчысына милдеттендирилет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңүр айылдык кеңешинин депутаттарына жана айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага: | Бейшенкул уулу Амантур |