Редакцияот 11.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2021-жылдын 11 - майы № 3

«Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жана туруктуу комиссиялардын төрагаларын көрсөтүү жөнүндө»

Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Регламент,депутаттык этика,мандат,ишти уюштуруу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаты, коомдук уюмдар,жергиликтүү жамааттар менен байланыш жана жаштар,спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Асанбек уулу Кенжебек,Абдуллаев Шабданбек Кылычбекович,Бекмурза уулу Мирлан, Кадырова Нурзат Каватаевна ,төрагасы Асанбек уулу Кенжебек көрсөтүлсүн.

 

2. Кызыл-Үнкүр айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция,ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Көчөров Талантбек,Атабаев Женишбек Бактыбек уулу,Аманкулов Казыбек Жолдошбаевич,Карымшакова Жамал Караевна,Досуева Күмүшай Дадабаевна,төрагасы Аманкулов Казыбек Жолдошбаевич көрсөтүлсүн.

 

3. Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Бакиров Эрмек Кадырбекович,Жаныш уулу Анарбек,Турдукулов Нурдөөлөт Темирбаевич, Ырысбек уулу Мелис, төрагасы Бакиров Эрмек Кадырбекович көрсөтүлсүн.

4. Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин токой чабасы,жер,айыл чарбасы жана экология, билим жана маданият, саламаттыкты сактоо , архитектура курулуш,транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Чойтоева Умут Кашиевна,Мурзаевна Алмакан Папыловна,Жамгырчиев Медербек Алимбекович,Анарбек уулу Жумабек,Ускенбаев Мырзабек Таирбекович, төрагасы Чойтоева Умут Кашиевна көрсөтүлсүн.

 

5. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Кызыл-Үңкүр айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

 Бейшенкул уулу Амантур