Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 22 - декабры № 14
“Айылдардын ифраструктурасын өнүктүрүү, жашоочуларга шарт түзүү долборун колдоо жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы жаны курулуп жаткан мектепке барчуу 500,0 метр жолду талапка ылайыктуу асфальттоо сунушун талкуулап.
Токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы жаны курулуп жаткан мектепке баруучу 500,0 метр жолду окуучуларга талапка ылайык асфальттап куруу боюнча жана Ак-Жар айылдык кеңешинин 13-Август 2021-жыл № 7 Токтомун колдоо максатында жергиликтүү бюджеттинин 2022-жылда өздүк салымы 400 000 сом өлчөмдү бекитип берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы К.Максутовко жана айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу” комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: |
Турдали у К. |