АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2022-жылдын 21 - январы № 17
«Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылында туулуп өскөн Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылында туулуп өскөн азыркы учурда КРнын УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник КРнын “Эрдик” медалынын ээси Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичтин чек ара коргоодогу көрсөткөн эрдиги үчүн Большевик айылынын тургундарынын протоколунун негизинде сунушталган эмгегин баалап, талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында туулуп өскөн Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичке Большевик айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө токтому бекитилсин.
2. « Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевич Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
3. Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: |
Турдали у К. |