Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 22 - апрели № 21
Ак-Жар айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планынын бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши 2022-жылга карата айылдык кеңештин жооптуу катчысы У.Чымынтаевтин иш пландын долбоору боюнча билдирүүсүн угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АК-Жар айылдык кеңешинин 2022-жылга пландаштырылган иш планы бекитилсин.
2. Ак-Жар айыл кенешинин иш планында пландаштырылган маселелерди айылдык кеңештин сессияларына алып чыгуу. Айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларынын төргаларына жана айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жооптуу катчысы У.Чымынтаевге тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: |
Турдали у К. |
| Тиркеме Ак-Жар айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-апрелдеги №21 токтом менен бекитилди.
|
Ак-Жар айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планы
Ак-Жар айылдык кеңешинин 22-апрелдеги №21 токтом менен бекитилди.
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Каралуу мөөнөтү | Маалымат, токтом долбоорун даярдоого жооптуулар |
1
2
3
4
| 2022-жылга айылдык кеңештин иш планын бекитүү
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга карата бюджетти бекитүү
Мал акыларын бекитүү, жайлоого көчүү жана келүү мөөнөттөрү, эгингше түшкөн малга жазана салуу өлчөмдөрүн кароо.
Жазгы талаа иштерине даярдыктарды (сугат суу, үрөн, техника) карап чыгуу жана даярдыктарды күчөтүү | 2022-жылдын 1-кварталы
февраль
март
март | АК төрагасы, АК жооптуу катчысы
Айыл өкмөтүнүн бухгалтери, АК “Бюджет, экономика боюнча” туруктуу комиссиясы
ЖК төрагасы, АК “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясы
АӨ жер адиси, “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясы |
5
6
7
| Айылдардагы көчөлөрдүн тазалыгы, түнкү жарыктандыруу иштери, арыктардын казылышы, көчөттөрдүн эгилиши боюнча
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин, бала-бакчалардын материалдык, техникалык базасы жана шашке тамагына берилген тамак-аштын менюларынын аткарылышы. Ар квартал сайын көзөмөлгө алуу.
Сугат суу (СПА), таза-суу, тазалык муниципалдык ишканаларынын иш тартиби жана ижара келишимдерин кароо | 2-квартал апрель
Апрель Май
Жылына кеминде бир жолу жана зарылчылыкка жараша | АӨ жер адиси, айыл башчылар, “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы АӨ ФЭБ башчысы, “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы
Ишканалардын жетекчилери, Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы
|
8
9
10 | Ички жана сырткы жайыттардын пайдаланылышы, жайыт төлөмдөрүнөн түзүлгөн бюджеттин аткарылышы
Мектептердин жана бала-бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө
Элдерди медициналык жактан тейлөөдө, медицина мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери (ГСВ №22, ФАПтар) | 3-квартал
август
сентябрь | ЖК төрагасы, “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясы
АӨ соц адиси, “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы АӨ соц.адиси “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы
|
11
12
13 | Социалдык мекемелердин (мектеп, бала-бакча, административдик мекемелер) жан калктын 2022-2023-жж. Күз-кыш мезгилдерине даярдыгы жөнүндө
Күздүк айдоо, себүү, тоңдурма айдоо иштеринин жүрүшү
Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы ашыкча ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал Октябрь Ноябрь декабрь | АӨ ФЭБ башчысы, “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы
АӨ жер адиси “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясы Айыл башчылар, “тартип жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы |
АК төрагасы: | Турдали у К. |