Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 22 - апрели № 24
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджети жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши жайыт комитетинин төрагасы О.Карабашевдин 2022 -жылга карата малдын санына, жайыт аянтынын арендалары ж.б. техникалык кызмат көрсөтүү боюнча каражаттарынын негизинде пландаштырылган бюджети боюнча маалыматын угуп талкуулап
Токтом кылат.
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети айыл өкмөттүн аймагындагы малдарга жайыт акысы мыйзамда белгиленген кой, эчки 20сом, шарттуу малга 5х20=100сом. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге Ак-Жар айыл өкмөтүнүн тургундарына 150 сомдон жана башка айыл өкмөттүн тургундарына 200 сомдон жайыт акы төлөнсүн. Калган жер аянттарын пайдалануу (жер салыгы, аренда акы, келишим) жана техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн (хронометраждын негизинде ) жыйындысынан түзүлсүн.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга пландаштырылган бюджети 450,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин, “Айыл чарбачылыгы боюнча “ туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: |
Турдали у К. |