Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 22 - апрели № 26
“Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын атын өзгөртүү жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү Ак-Жар, Какыр, Большевик айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылган Биргелешкен жаңы “ Ак-Жар –Таза- Суу” ишканасын түптөгөн жана көп эмгек кылган Токтосун Тилекматовдун ысымын аталган ишканага ыйгаруу боюнча сунушту угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар, Какыр, Большевик айылдарынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыздаган Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасы мындан нары “ Тилекматов Токтосун Ата - Таза - Суу” муниципалдык ишканасы болуп аталуусуна макулдук берилсин:
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “ мыйзамдуулук Адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: |
Турдали у К. |