Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-августу № 04
«Кара-Балта ш. 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 26-январындагы № 1 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2, 4 бөлүктөрүн жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36 - беренелерине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри-Жекшенов М.Р. шаар жашоочулары менен жолугушууларда айтылган кайрылууларды эске алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Балта ш. 2022 - жылга карата бюджетин жана 2023-2024 - жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022 - жылдын 26-январындагы № 1 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, Кара-Балта шаарынын мэриясы кредиттерди которсун:
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ - азайуу тарабына
«Эмгек акы» 2111 беренесинде 249,4 миң сомго;
«Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 беренесинде 43,0 миң сомго;
«Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесинде 3500,0 миң сомго (ген. план 3000,0 миң сом, башка чыгашалар 500,0 миң сом).
Бардыгы: 3792,4 миң сомго.
көбөйтүү тарабына
«Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесинде (таштандыларды чыгаруу) 300,0 миң сомго;
«Учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» (ирригация) 2221 беренесинде 250,0 миң сом;
«Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинде балдар аянтчаларын курууга - 1500,0 миң сомго;
- Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Универсал» МИ - көбөйүү тарабына:
«Учурдагы муктаждыктар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222 (жарыктандырууга) беренесинде 950,0 миң сомго;
- Кара-Балта шаарынын мэриясы - көбөйүү тарабына:
«Эмгек акы» 2111 беренесинде 249,4 миң сомго;
«Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 беренесинде 43,0 миң сомго.
В.И. Ленин атындагы шаардык маданият Сарайы - көбөйтүү тарабына
«Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» (Шаардын күнүн өткөрүүгө) 2215 беренесинде 500,0 миң сомго.
Бардыгы: 3792,4 миң сом.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р.Жекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, КЭБге, мүлккө ММБге, Кара-Балта ш. мэриясына, В.И. Ленин атындагы ШМСга, «Универсал» МИге.
Кеңештин төрагасы | М.Дүйшөналиев |