Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 37/7-8
Талас шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамы, Талас шаарынын мэриясынын 19.10.2021- жылдагы №01-21/1814 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №5 протоколдук сунушунун негизинде, Талас шаарынын мекемелеринин жана ишканаларынын 2021-жылдын 9 айында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынан үнөмдөлгөң 1956645 сом акча каражатынан автоунаалардын тетиктерин сатып алууга – 350,0 миң сом, баннерлерге – 50,0 миң сом, светафорлордун тетиктерин сатып алууга – 350, 0 миң сом жана Талас шаарынын “Тынчтык” конушунун жолдоруна кум шагыл төгүп, тегиздөө жумуштарына 906645 сом бөлүнүп каржылансын.
2. Талас шаарынын калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бекитилген сметасына тактоо киргизилип, 3111 беренесинен үнөмдөлгөн акча каражатынан “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасына кара топурак сатып алууга 300,0 миң сом акча каражаты 2222 беренесине кошумча каралып берилсин.
3. “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан үнөмдөлгөн 82,0 мин сом акча каражаты Ч.Айтматов айкелинин айланасына орнотулуучу топиарларга маалымат такталарын орнотууга бөлүнүп каржылансын.
4. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 3111 беренесиндеги үнөмдөлгөн 820,0 мин сом акча каражаты Талас шаарынын ички көчөлөрүнө кум, шагыл төгүп тегиздөө, асфальт төшөө жана асфальт төшөлгөн жолдордун жээгин бекемдөө иштерине жана 2215 беренесинен 280,0 сиң сом акча каражаты 2222 беренесине которулуп, Талас шаарындагы №5 орто мектебине темир тосмо куруу долбооруна кошумча колдоо үчүн бөлүнүп каржылансын.
5. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалиев.Ж.М) 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, каржылоо жагы милдеттендирилсин.
6. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А.Курамаев |