ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 39/7-8
Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо, Талас шаардык электр тармактар ишканаларынын жана Талас райондук шаардык билим берүү тармагынын 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-6-пункттары, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2021-жылга карата иш планынын негизинде, Социалдык маселелер жана “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссияларынын биргелешкен №1 жана №2 протоколдук сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо, Талас шаардык электр тармактар ишканаларынын жана Талас райондук, шаардык билим берүү тармагынын 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары “канаттандыраарлык” деп табылсын.
- “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына айып (пеня) төлөмдөрүн алып салуу жөнүндө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин атынан расмий кат жөнөтүлсүн.
- Талас шаардык билим берүү тармагына мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди борборлоштурулган жылытуу системасына кошуу боюнча иш аракеттерди көрүү жагы сунушталсын.
- Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Тургунбеков) жана “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Джаныбеков) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | А.Курамаев |