ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 40/7-8
Талас шаарындагы О.Омурбеков менен Ж.Турсалиев көчөлөрүнүн түштүк батыш тарабындагы 0,6 га муниципалдык жер тилкесин С-4 аймагынан П-1 аймагына которууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 09.09.2021-жылдагы № 01-21/1481 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын № 1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы О.Омурбеков менен Ж.Турсалиев көчөлөрүнүн түштүк батыш тарабындагы 0,6 га муниципалдык жер тилкесин С-4 аймагынан П-1 аймагына которууга макулдук берилсин.
2. Талас шаарынын мэриясына (А.Шабданов) 0,6 га муниципалдык жер участогун аймактан аймакка которууга тиешелүү документтик иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Джаныбеков) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | А.Курамаев |