Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы

 

2021-жылдын 26-октябры № 44/7-8

Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына контролер штатын ачууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 19.10.2021-жылдагы №01-21/1826 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына (К.Жумабеков) атайын каражат эсебинин бирдигинде (4000 сом) бир контролер штатын ачууга макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

А.Курамаев