Редакцияот 01.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

 

2021-жылдын 1-октябры № 2

“Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө”

Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө маалыматын жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы канаатандырарлык деп табылсын.

2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты кезектеги сессияда билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри Ч.А.Рысовго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Т.Сапаев