Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы

2021-жылдын 25-октябры № 26

“Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосунун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 20.10.2021-жылдагы № 01-34/516 сунушу (талапкерлердин документтери менен) “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.

Туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагылардын негизинде, “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамын төмөндөгү 6 (алты) талапкерге ыйгаруу боюнча макулдашылгандыгы белгиленсин.

2. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон жана кайрымдуулук иштерди жасагандыгы үчүн төмөндөгү тургундарга “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

1) Бактыяров Эркинбек – шаардын жашоочусу, жеке УЗИ дарыгери;

2) Ожураев Абдилмолдокан Зарылканович- шаардын жашоочусу, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Токтогул району боюнча региондор аралык башкармалыгынын өрт коопсуздугу боюнча инспектору;

3) Касымов Дүйшөналы Элгазиевич –шаардын жашоочусу, Токтогул райондук мамлекеттик архивинин башкы казына сактоочусу;

4) Болжурова Джаныл Садыковна- шаардын жашоочусу, билим берүүнүн отличниги, учурда ардактуу эс алууда;

5) Көчөрканова Нурайым-шаардын жашоочусу, Токтогул шаарынын вице-мэри

6) Каландаров Ахматжан Инамжанович- шаардын жашоочусу, “АС-САФА Борбору” кайрымдуулук фондунун жетекчиси;

3. “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды салтанаттуу тапшыруу аземин уюштуруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Т.Болгонбеков).

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (У.Тойчубеков) тапшырылсын.

6. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

 

Төрага

 

М.Н.Жусупахунов