ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 27
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2018-жылдын 03-августундагы № 10 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары жөнүндө” (03.09.2012-жылдагы № 603), “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” (03.07.2014-жылдагы № 302) токтомдоруна ылайык кайрадан иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин карап, шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2018-жылдын 03-августундагы кезектеги V сессиясынын № 10 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.
2. Жогоруда аталган токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасы менен бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси төмөндөгү 8-пункт менен толукталсын, стандарттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
8) "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандарга" муниципалдык кызмат көрсөтүү;
3. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (А.Джаныбаева) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын
25.10.2021-жылдагы кезектеги
XXXX сессиясынын № 27 токтому менен бекитилди
Тиркеме
8. "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандарга" муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты.
|
|
| |||
| 1. | Кызматтардын аталышы |
- дене-бойлук зомбулука - психологиялык зомбулука - экономикалык зомбулуктарга кабылган жарандарга реабилитациялоочу борборлоруна баруу үчүн тамак-аш жол чыгымдарына акчалай материалдык жардам берүү; |
| |
| 2. | Кызмат көрсөтүп жаткан жергиилктүү өз алдынча башкаруу органдын аталышы | Токтогул шаардык мэриясы
|
| |
| 3. | Муниципалдык кызматтын пайдалануучулары | Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандар. |
| |
| 4. | Муниципалдык кызматты алууга укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30.08. №201 Уй-бүлө кодексинин 1,2 беренесинен, КР. 2017-жылдын 27.04 №63 " Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо" Мыйзамынын 1-беренесине ылайык. |
| |
| 5. | Көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызматтын аяккы натыйжасы | Шаардык мэриянын буйругунун негизинде акча каражатын бөлүп берүү; |
| |
| 6. | Муниципалдык кызматты көрсөтүү шарттары | Кызмат көрсөтүүлөрдүн ишке ашырылышы: - шаардык мэриясынан кызмат алуучуларга санитардык гигиеналык талаптарга жооп берген, шарт түзүлгөн жайларды камсыз кылуу; - имараттын ичинде санитардык гигиеналык шарт түзүү (ажааткана, кол жуучу жай ) ж.б у.с; Кезексиз тейленет: |
| |
| 7. | Муниципалдык кызматты көрсөтүү мөөнөтү | Тийиштүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 10-20 минута Кызмат көрсөтүү мөөнөтү - 15 күнгө чейин Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө - 10 минута |
| |
|
|
| |||
| 8. | Пайдалануучу көрсөтүлүп жактан муниципалдык кызмат тууралуу маалымдоо | Муниципалдык кызматты алуунун маалыматын алууга: - Шаардык мэрияга оозеки жана жазуу түрүндө кайрылуу менен; - Шаардык мэриясынын электрондук сайтынан же болбосо, телефон байланыштары аркылуу; - Шаардык мэриясынын маалымат тактасынан, буклет, брошюралардан; - Шаардык мэриясынын иштөө мөөнөтү атайын бекитилген графиктин негизинде мекемеде жана электрондук сайтта жайгыштырылган; Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде билдирилет ик жана расмий тилдерде билдирилет. |
| |
| 9. | Муниципалдык кызматты таратуу жолдору | Көрсөтүлгөн МК жөнүндө маалыматтар төмөндүгүдөй жайылтылат - Шаардык мэрияга оозеки жана жазуу түрүндө кайрылуу менен; - Шаардык мэриясынын электрондук сайтынан же болбосо, телефон байланыштары аркылуу; - Шаардык мэриясынын маалымат тактасынан, буклет, брошюралардан; - Шаардык мэриясынын иштөө мөөнөтү атайын бекитилген графиктин негизинде мекемеде жана электрондук сайтта жайгыштырылган; Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде |
| |
|
|
| |||
| 10 | Кардарлар менен мамиле кылуу | Токтогул шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлеринин кызматтык функционалдык милдеттери бекитилип өз компетенциясынын алкагында иш алып баруу; Ар бир кызматкердин отурган кабинетинин сыртына аты-жөнү, кызмат жөнүндө маалымат тактасын илүү; Жарандарды кабыл алууда проффесионалдык, этикалык номаларды сактоо, өз ара кызыкчылык кагылышуусун алдын алуу; |
| |
| 11. | Купуялуулукту (конфеденциялдуулук) камсыздоо | Керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде каралган. |
| |
| 12. | Кызмат пайдалануучу тарабынан керектелген документтердин жана иш аракеттердин тизмеси | МКК гө керектөөлүүчү документтер төмөндөгүчө: - Кайрылган жарандын тастыктоочу документтери; (паспорт, мед.корутунду, жашагандыгы жана үй бүлө тууралуу тактама. |
| |
| 13. | Акы төлөнүүчү кызматтын баасы | Кызмат көрсөтүүлөр акысыз; |
| |
| 14. | Кызмат сапатынын мүнөздөгүчтөрдү (параметрлери) | МК көрсөтүү төмөнкү критерийлердин негизинде көрсөтүлөт: - көрсөтүлгөн стандартын негизинде туура жана өз убагында берилген шарттардын негизинде кызматтар көрсөтүлөт; - жашына, улутуна, жынысына, тилине, майыптуулугуна, дин өзгөчөлүгүнө карабастан кызмат көрсөтүлөт; - кызмат алуу үчүн төмөнкү стандартта көрсөтүлгөн гана документтердин негизинде жарандардан талап кылуу;; -МК көрсөтүү учурунда кызматкерлердин ар дайым кичи пейилдиги, корректүүлүгү, түшүндүрмө багыт берүү; - кызмат алуучунун күтүүсү менен акыркы жыйынтыктын дал келиши; - жарандардын арыз даттануусу жана сунуштары боюнча китепченин болуусу; |
| |
| 15. | Кызмат көрсөтүү жолдору, электрондук форматта кызматты көрсөтүү өзгөчөлүктөрү | Тез жана ыңгайлуу |
| |
|
|
| |||
| 16. | Муниципалдык кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу | МК көрсотүүнү төмөнкү учурларда баш тартуу болот: - төмөнкү стандарттагы 3,6 пункттарына туура келбеген шартта - төмөнкү стандарттагы 12 пуктундагы көрсөтүлгөн документтери жок болгон шартта; |
| |
| 17. | Даттануунун жол - жобосу | Жаран кызмат көрсөтүүдө нааразы болгон учурда Токтогул шаарынын мэрине оозеки жана жазуу түрүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу түрүндөгү даттанууда аты-жөнү, дареги, телефон номери, колу, жылы, айы, күнү даттануунун мазмуну көрсөтүлөт; Ыйгарым укуктуу кызматкер арызды бир күндүн ичинде каттоого алат, тийиштүү кызматкерге аткаруу үчүн жолдойт. Арыз даттанууну кароо үчүн Токтогул шаардык мэриясынын жетекчилиги астында бекитилген тартипте аткарылат. Жазуу түрүндөгү арыз даттануу катталган күндөн тартып 14 календарлык күндөн ашпоо керек. Жаран жооп алууда талаш тартыш маселеси туулганда бекитилген тартипте жетекчиликке кайрылууга укуктуу же болбосо, кабыл алынган чечимге нааразы болгон шартта башка инстанцияларга кайрылууга укуктуу. |
| |
| 18. | Кызмат стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызматттардын стандарттарын иштеп чыгуу 3 жылда бир жолу кайра каралууга тийиш. |
| |
Төрага | М.Н.Жусупахунов | ||||