Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 29
Токтогул, Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринен, “Арча Бешик” балдар бакчасынан колдонуудан чыккан эски отургучтар жана парталар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токтогул, Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринен, “Арча Бешик” балдар бакчасындагы колдонуудан чыккан эски отургучтар жана парталар жөнүндө муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул, Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринен, “Арча Бешик” балдар бакчасынан колдонуудан чыккан эски отургучтар жана парталардын саны тактоого алынсын.
2. Атайын көз карандысыз баалоочунун кызматы аркылуу отургуч, парталардын мурдагы баланстык баасын эске алуу менен баалансын, Токтогул шаарындагы мектептерге, балдар бакчаларга зарылчылыгына жараша бекер берилсин.
3. Токтогул районунун башка айылдарынын кайрылууларынын негизинде бааланган баада сатылсын.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (К.Дербишев, М.Калмурзаев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
М.Н.Жусупахунов |