Редакцияот 22.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын

2021-жылдын 22-сентябры № 1

Атуулдардан түшкөн арыздарды кароо жөнүндө

Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасынын атуулдардан түшкөн арыздар боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.   № 46 А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу орто мектебинин директору Тургуналы кызы Гүлзамандын кайрылуусунун негизинде мектептин көмур канасынын башын оңдоого бөлүнгөн 60000 (алтымыш миң) сом акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу айыл өкмөттүн бюджетине кайтарылып, 2022-жылдагы бюджетти кароодо сунуш берүү жагы бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин

2.   “Элнуру” бала-бакчасына суу насос алуу үчүн 5000 (беш миң) сом акча каражаты айыл өкмөттун резервдик фондунан төлөнуп берилсин.

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы

Т.Нарматов