КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын
2021-жылдын 22-сентябры № 3
2021-жылдагы жергиликтүү бюджеттеги каражаттарды кайра карап, аткарылуучу зарыл жумуштарга которуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жүзүмжан айылында “Күйдүргү” ылаңы пайда болуп, карантиндик чек коюу кырдаалы киргизилгендигине байланыштуу, 2021-жылдын бюджетинен Бечел-Аюуу суу насосуна тосмо куруу үчун бөлүнгөн 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты, Жүзүмжан айылындагы бардык иттерди атуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Чалдыбар айылынын Бечел-Аюу участкасындагы жөө өтүүчү көпүрөнү оңдоого бөлүнгөн 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты Жаркынайым багынын кароолчусу М.Ниязалиевге кызмат көрсөтүү акысына бөлүнүп берилсин.
3. №46 А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу орто мектебинин көмүр канасынын башын оңдоого бөлүнгөн 60000 (алтымыш миң) сом акча каражаты кайтарылып, 30000 (отуз миң) сому К.Сапаралиев мектебинин жылытуу системасынын ремонт иштерине жана 30000 (отуз миң) сом акча каражаты жаңы курулуп жаткан №9 Жеңижок атындагы билим берүү мектебине таза суу алып келүү үчүн түтүктөрдү алууга бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы | Т.Нарматов |