БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 22-ноябры № 5/2
“Барпы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешинин төрагасынын мурунку орун басары Т.Шавданбеков башка ишке которулгандыгына байланыштуу жаңы орун басарларын шайлоону өткөрүү максатында айылдык кеңештин депутаттары тарабынан берилген сунуштардын негизинде жана ачык добуш менен өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен Барпы айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Барпы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп №4 округдун депутаты: Кадыров Чынгыз Зайнабидинович шайлансын.
2. Барпы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп №4 округдун депутаты: Султанова Айгүл Кадырбековна шайлансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы | У.А.Абдыкулов |