Редакцияот 22.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы

2021-жылдын 22-ноябры № 5/8

“Жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”

Боз-Чычкан айылынын тургундарынын, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын жана Жер суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М Жамгырчиевдин Боз-Чычкан айылынын мүрзөсүнүн аянтын кеңейтип берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, сунуштарды угуп Барпы айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Чычкан айылынын мүрзөсүнүн ээлеп турган жер аянты кеңейтилсин.

2. Боз-Чычкан айылынын кеңейтилген мүрзөсүнүн аянты боюнча документтерин даярдап берүү Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык кеңешинин төрагасы

У.А.Абдыкулов