Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 37-cессиясынын
2020-жылдын 28-сентябры № 37/1
«Авлетим айылдык аймагында Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлүүчү кызматтардын туруктуулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуубагытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын, көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын ЖОБОсун бекитүү жөнүндө”
Авлетим айылдык Кеңешинин “Социалдык маселелер”боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы протоколуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айылдык аймагынын кызматтардын туруктуулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуубагытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын жана көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын ЖОБОсу бекитилсин.
2. Бекитилген ЖОБОнун негизинде Авлетим айыл өкмөтүнө конкурстарды өткөрүү боюнча атайын комиссиянын курамын бекитүү жана конкурсту максаттуу өткөрүү жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мырзамамытовага милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Шырдаков |