Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 37-cессиясынын
2020-жылдын 28-сентябры № 37/2
«Ардактуу жаран» наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 2020-жылдын 28-сентябрындагы №454 сандуу сунушуна жана айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусуна ылайык (протокол 25.09.2020-ж), сессия
токтом кылат:
1. Коронавирус дарты менен күрөшүүдө айыл аймагынын калкына финансалык жактан колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө жана мед.айымдарга, Коргон айылынын инфраструктурасынын өнүгүшүнө салымын кошкон төмөндөгү атуулдарга «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны » наамы ыйгарылсын:
Таштанов Альберт Ташбаевич – жеке ишкер;
Узенбаев Максатбек Ыманбекович – жеке ишкер;
Чомоев Мурат Адилбекович – жеке ишкер;
Исаков Ызат Уметалиевич – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин мугалими, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты;
Кудайкулов Баяман Болотбекович – ОсОО “Прогресс Концалдинг” ишканасынын адиси;
Бабатаева Айнура Мырзабековна – Авлетим айылдык ооруканасынын мед.айымы;
Алибеков Замирбек Арстаналиевич – “Манас” аэропортунун башкы диспетчери;
Танабаев Маматкул Жамгырчиевич – афганчы жоокер.
2. «Ардактуу жаран» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаларды жана «Ардактуу жаран» деген жазуусу бар тасмаларды даярдап, наам ыйгарылган жарандарга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага: | А.Шырдаков |