Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 37-cессиясынын
2020-жылдын 28-сентябры № 37/3
«Авлетим айыл аймагынын 2021-2022-2023-жылдарга карата айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн коэффицентин бекитүү жөнүндө»
Авлетим айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгына базалык өлчөмдөрдү пайдалануу жөнүндөгү салык кодексинин 48- бөлүмүндөгү 339-беренесине ылайык зоналдык коэффиценттери(К3)төмөндөгүдөй белгиленсин.
-Авлетим айыл өкмөтү боюнча- 0,8
-ОсОО «Авлетим» базары – 0,3
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
3. Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет,
4. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага: | А.Шырдаков |