Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 39-cессиясы
2020-жылдын 13-ноябры № 39/5
«Кѳчѳлѳргѳ ат коюу жѳнүндѳ»
Авлетим айылдык Кеӊешинин «Укук мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна жана айыл ѳкмѳтунун 2020-жылдын 11-ноябрындагы №506 сандуу сунушуна ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылынын жашочусу Кѳчкѳнбаев Марс
Канатбековичтин үйүнѳн Мүрзѳ-Дѳбѳ участкасындагы Ибраимов Мунарбектин жер тилкесине чейинки аралыктагы кѳчѳгѳ маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жуматаев Сагыналынын ысымы ыйгарылсын жана «Жуматаев Сагыналы атындагы кѳчѳ» деп аталсын.
2. Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылынын жашоочусу Сманалиев Сейталынын үйүнѳн Алчалуу-Булак участкасындагы Назаралиев Масалбек Кожобековичтин үйүнѳ чейинки аралыктагы кѳчѳгѳ маркум, эмгектин ардагери Бекназаров Турдубайдын ысымы ыйгарылсын жана бул кѳчѳ «Бекназаров Турдубай атындагы кѳчѳ» деп аталсын.
3. Бул тиешелуу ысымдар ыйгарылган кѳчѳлѳргѳ кѳрнѳктѳрдү тургузуу жана үйлѳргѳ даректүү номерлерди берүү айыл ѳкмѳтунѳ (Абдыраманов Н.) милдеттендирилсин.
4. Авлетим айыл ѳкмѳтү бул токтомду аткарууга алсын жана ѳзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсун.
6. Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы «Укук мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияга (Жолдошов К.) жүктѳлсүн.
Төрага: | А.Шырдаков |