АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз XXХX-cессиясы
2021-жылдын 29-январы № 40/3
«Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдардын болжолдуу долборун бекитүү жөнүндө»
Авлетим айылдык Кеӊеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.
2. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 5429,1 (беш миллион тѳрт жүз жыйырма тогуз миӊ бир жүз) сом, теңдөөчү трансферт 5470,8 (беш миллион торт жүз жетимиш миң сегиз жүз)сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 608,5 (алты жүз сегиз миӊ беш жүз) сом сумма менен бюджеттин жалпы суммасы: 11508,4 (он бир миллион беш жүз сегиз миң тѳрт жуз) сом, атайын каражаттан ата-энелер төлөмү 1080,0 (бир миллион сексен миӊ)сом, сумма кошулуп 12588,4 (он эки миллион беш жүз сексен сегиз миң тѳрт жуз) сом суммасында бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 608,5 (алты жүз сегиз миӊ беш жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз 3/1( үчтөн бир) бөлүгү 222,8 миӊ сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө ал эми калган 445,7 (тѳрт жүз кырк беш миӊ жети жүз) сом «Авлетим жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
4. Авлетим айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети Өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү бекитилсин.
5. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү атайын каражаттагы бала-бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 12588,4 (он эки миллион беш жүз сексен сегиз миң тѳрт жуз) сом менен бекитилсин.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү трансферт “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга жана 2022-2023-жылдардын долбоорунун Республикалык бюджет жѳнүндѳгү” мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
7. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну айыл ѳкмѳтүнүн салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 125,8 (бир жүз жыйырма беш миң сегиз жүз)сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
9. Айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы бюджеттик мекемелердин кышка болгон даярдыгын толук камсыз кылуу максатында кѳмүр сатып алууга жетпей калган 850,0 ( сегиз жүз элүү миң) сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Аксы башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Абылаевге милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
12. Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Шырдаков |