Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз кыркынчы-cессиясы
2021-жылдын 29-январы № 40/5
Авлетим айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыктары тууралуу жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновдун отчету жөнүндө
Айылдык кеңештин «айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 28-январындагы корутуундусуна ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдагы аткарган иштери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновдун отчеттук билдирүүсү кабыл алынсын.
2. Депутаттар тарабынан айтылган жана белгиленген сын сунуштардын негизинде белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү жайыт комитетине(төрагасы Ж Атеновго) милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссисына жүктөлсүн.
Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Шырдаков |