Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз кыркынчы-cессиясы
2021-жылдын 29-январы № 40/6
«Авлетим айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» жайытты башкаруунун 2021-жыл үчүн бюджетин бекитүү жөнүндө»
Авлетим айылдык өкмөтүнүн алдындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» төрагасы Ж. Атеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» Жайыт комитетинин 2020-жыл үчүн жалпы
2. Авлетим айыл аймагындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2021-жылга карата киреше бөлүгү 1 021 24сом жана чыгаша бөлүгү 1 021 24сом бекитилсин.
3. «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» кызматкерлеринин 2021-жыл үчүн эмгек акы боюнча түзүлгөн сметасындагы эмгек акысы 306 361 сом жана соцфонд чыгымына 52 847сом бекитилсин.
4. Авлетим айыл округунун аймагындагы жайыт пайдалануучулардан 1 га жер үчүн 13,60 сом жайыт салыгын кошкондо 1 баш чоң кара мал үчүн 81,00 сом, 1баш жаш бодо мал үчүн 56,00 сом, кой-эчки 16,00 сом, жылкы 107,00 сом, эшекке 81,00 сомдон төлөм акысы бекитилсин.
5. Авлетим айыл аймагынын жайыттырына башка айыл аймагынан келген атуулдардын малы үчүн 1 баш чоң бодо малына 130,00 сом, жаш бодо малына 100,00 сом, жылкысына 150,00 сом, кой-эчкисине 30,00 сом, козу-улагына 15,00 сомдон төлөм акы бекитилсин.
6. Алыскы ГЗЗга чыккан малга 1баш чоң бодо малга 40,00 сомдон 1баш жаш бодо мал үчүн 40,00 сом, 1баш кой-эчки үчүн 8,00 сом, бир баш жылкы үчүн 40,00сом, 1баш эшек үчүн 40,00 сом төлөм акы бекитилсин.
7. Жайыт инфрастуктурасын оңдоо үчүн 138000.00 сом акча каражаты бекитилсин.
8. КР Финансы Министрлигинин 18.03.2017-жылдагы № 08-2-3/2862 - катына ылайык айыл өкмөтткө 236 035 сом(анын ичинен 62 390 сом жайыт салыгы) бекитилсин.
9. Сапар чыгымына 60 000сом, концелярдык товарлар чыгымына 6 179сом, транспорт чыгымына 10 000сом, ж.б чыгымдарга 40 000сом бекитилсин. Бул чыгымдардын отчеттору талаптагы документтер менен жабылсын.
10. Кыргыз Жайыты Ассосациясы жана Аксы жайыт Ассосациясынын төлөм акысы үчүн 3 000 сом бекитилсин.
11. «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» менен механизаторлордун ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин
12. «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» менен чакан жем тарткыч пайдалануучулардын ортосундагы келишим бекитилсин.
13. Жайыт жерлерди башка максатта пайдалануу үчүн ар бир гектарына 1000сомдон акы бекитилсин жана жайыт жерлерге караштуу токойлуу жерлердеги түшүмгө кирген жаңгактарды ижарага берип, ижарачыдан ар бир түбүнөн 5(беш) кг дан жангактын акчасы базар баасында өндүрүлсүн.
14. ЖПБнын ишин жогорку денгээлде уюштуруу элдин жайытка болгон муктаждыктарын чечүү жагы ЖПБнын төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.
15. Жайыт билетин жайыт пайдалануучуларга жазып берүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
16. ЖПБнын текшерүү комиссиясынын ЖПБ тарабынан отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштерин текшерүү боюнча берген малымдамасы көңүлгө алынсын.
17. Токтомдун аткарылышы «Айыл чарба жана экология боюнча» жана «бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин
Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Шырдаков |