Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 40-cессиясы
2021-жылдын 29-январы № 40/12
«Коргон айылындагы бала бакчага ат коюу жөнүндө»
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 27-январындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1.Авлетим айыл аймагына караштуу Коргон айылындагы бала бакчага маркум Алиева Анар Атамбаевнанын ысымы ыйгарылсын жана бул мекеме маркум Алиева Анар Атамбаевна атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму деп аталсын
2. Авлетим айыл ѳкмѳтү токтомду аткарууга алсын жана ѳзүнүн иш кагаздарынын, маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ «Укук, мыйзам жана этика»маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсун.
Төрагасы: | А.Шырдаков |