Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 40-cессиясы
2021-жылдын 29-январы № 40/14
«Көчөгө ат коюу жөнүндө»
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 27-январындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айыл аймагына караштуу Байгашка –Терек айылындагы ФАПтан Тектир жаны конушуна чыккан жолго маркум Мырзабеков Асилбек Мырзабековичтин ысымы берилсин.
2. Авлетим айыл ѳкмѳтү токтомду аткарууга алсын жана ѳзүнүн иш кагаздарынын . маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3 .Кыргыз республикасынын ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №160 –токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жѳнүндѳ»жобонун 25-пунктуна ылайык,тиешелүү ѳзгѳртүү киргизүү боюнча каттоого алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктѳргѳ укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык . юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5.Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ «Укук, мыйзам жана этика»маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрагасы: | А.Шырдаков |