Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 40-cессиясы
2021-жылдын 29-январы № 40/15
«Муниципалдык ички жолдорду тейлѳѳ максатында Грейдер алуу үчүн Бюджеттик ссуда бѳлүп берүү жөнүндө.»
Авлетим айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасындагы ХЕЛЬВЕТАС Свис Интеркорпорейшн Ассоциациясынын Филиалы «Жергиликтүү деӊгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору тарабынан Авлетим,Ак-Жол,Жаңы-Жол жана Жерге-Тал айыл аймактарынын муниципалдык ички жолдорун тейлѳѳ максатында Грейдер сатып алуу үчүн Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнѳ Келишим менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 57-беренесине негиз 400,00 (тѳрт жүз) миң сом бюджеттик ссуда бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бюджеттик ссуданы кайтаруу боюнча ѳз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негиз жѳнгѳ салынсын.
3. Бюджеттик ссуда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 57-беренесинин 1-пунктуна негиз Бюджеттик жылдын аягына чейин кайтарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Авлетим айыл Кеӊешинин төрагасы: | А.Шырдаков |