Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIIcессиясынын

2021-жылдын 3-сентябры № 2

Кенеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылда элге таза суу берүү жөнүндө

Кенеш айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровдун сунушу боюнча Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан таза сууну элге камсыздап берүү Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIIсессиясы.

Токтом кылат:

1. Кенеш айыл өкмөт башчысы М.Алкадыров 30 жылдык мөөнөт менен Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан элге таза суу берүү боюнча Опаративдик башкаруу боюнча Базар-Коргон шаарынын мэриясы менен биргеликте келишим түзүү жагы каралсын

2. Кенеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каипов менен биргеликте мыйзамдуулугун карап чыгып, оперативдик башкарууга өкмөт башчы М.Алкадыровторго милдеттендирилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEB сайытына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык кенешинин катчысынын у.м.а. Б.Шаиковага милдеттендирилсин.

5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке жүктолсүн

 

Кеңеш айылдык кенешинин төрагасы:

К.Айдаров