КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2021-жылдын 27-майы № 2
Кенеш айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 16-февралындагы №21 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын” корутундусуна негиз Кеңеш айыл өкмөтүнүн жана “Хелветас Свисс Интеркооперейшин” ассоциациясы ортосунда түзүлгөн рамкалык макулдашуунун негизинде жана Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XXX-сессиясынын 2021-жылдын 16-февралындагы №21 токтомун карап чыгып, Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XXX-сессиясынын 2021-жылдын 16-февралындагы №21 токтомунун I-пунктундагы 5925000 (беш миллион тогуз жүз жыйырма беш мин) сом 5000000 (беш миллион) сом болуп өзгөртүлсүн.
2. Кеңеш айыл өкмсөтүнүн жана Хелветас Свисс Интеркооперейшин” ассоциациясы ортосунда түзүлгөн рамкалык макулдашуунун негизинде, келип түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөттүн 2021-жылга кабыл алынган бюджетинин кириш, чыгыш бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүу менен кошумча план киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигинин Базар-Коргон башкармалыгынан суралсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEВ сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |