Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2021-жылдын 27-майы № 4
Кенеш айыл өкмөтүнүн атайын каражат бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кенеш айыл өкмөтүнүн жана “Хелветасс Свисс Интеркооперейшин” ассоциясы ортосунда тузулгон гранттык макулдашуу менен таанышып Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл өкмөтүнүн жана “Хелветасс Свисс Интеркооперейшин” ассоциясы ортосунда түзүлгөн гранттык макулдашуу негиз 70111 разделдин атайын каражат киреше бөлүгүнө 1441 статьясына 79,5 миң сом. Ал эми чыгаша болумунун 2215 статьясына 12,0 миң сом, 2218 статьясына 59,0 миң жана 2222 статьясына 8,5 миң сом бекитилсин.
2. Кенеш айыл өкмөтүнүн жана “Хелветасс Свисс Интеркооперейшин” ассосациясы ортосунда түзүлгөн гранттык келишимдин негизинде, келип түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБ С.Капаровага милдеттендилисин
3. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга кабыл алынган бюджетинин кириш, чыгыш бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кошумча план киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Базар-Коргон башкармалыгынан суралсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актылары жөнундөгү» Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расимий WEВ сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |