Редакцияот 27.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын

2021-жылдын 27-майы № 5

Кенеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасын өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы Хелветасс Свисс Интеркооперейшин” ассоциясы жана Кеңеш, Бешик-Жон жана Масы айыл өкмөттөрүнүн ортосунда түзулгөн рамкалык макулдашуунун жана Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Хелветасс Свисс Интеркооперейшин” ассоциясы менен түзүлгөн рамкалык макулдашуунун негизинде Масы айыл өкмөтүнөн 575,0 (беш жүз жетимиш беш миң) сом жана Бешик-Жон айыл өкмөтүнөн 350,0 (үч жүз элүу миң) сом келип түшкөн өздүк салым каражатын жалпы 925,0 (тогуз жүз жыйырма беш миң) сомду Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүу бюджетинин 70111 разделинин 3112 статьясына 925,0 (тогуз жүз жыйырма беш миң) сом чыгаша бөлүгүнө көбөйтүп берүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигин Базар-Коргон башкармалыгынан такталган планга киргизип берүү жагы суралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актылары жөнундөгү» Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расимий WEВ сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Айдаров