КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2021-жылдын 27-майы № 7
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы Кеңеш айыылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Могол-Коргон айылындагы балдар бакчасынын толук ремонту бүтүрүлүшүнө эсептөөлөргө (сметага) ылайык акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актылары жөнундөгү» Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расимий WEВ сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |