Редакцияот 03.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

2021-жылдын 3-июну № 1

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы №219 токтомуна жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы №01-05/07 сандуу катына негиз Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы №219 токтомуна, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы №01-05/07 сандуу катына жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жыйындын протоколуна негиз Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчылыгына 25 добуш менен Алкадыров Майрамбек Маматкулович жеңүүчү болуп табылып, айыл өкмөт башчысы болуп шайлансын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEВ сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Айдаров