КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин VIIIчакырылышынын кезексиз VIIIсессиясынын
2021-жылдын 14-сентябры № 5
Кенеш айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровдун № 01-17/1168 сандуу катты жөнүндө
Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровдун 01-17/1168 сандуу каттын VIII чакырылыштын кезексиз VIII сессиясында угуп жана талкуулап, айыл өкмөткө караштуу айылдардын ички жолдорун архитектуралык пландарга ылайык калыбына келтирүү боюнча VIII чакырылыштын кезексиз VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кенеш айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын инсфраструктурасын өнүктүрүү максатында , ички жолдорду архитектуралык пландарга ылайык жолдорду кенейтүү жагы каралсын.
2. Кенеш айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистери менен архитектура адистери ж.б тийиштүү органдар менен биргеликте аткарылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Кенеш айыл аймак башчысы М.Алкадыровко жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEBсайытына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Руспубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин төраганын катчысы у.м.а. Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөлмөлгө алуу жагы Кенеш айыл Кенешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |