Редакцияот 14.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык Кенешинин VIIIчакырылышынын кезексиз VIIIсессиясынын

2021-жылдын 14-сентябры № 6

Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кенештин туркутуу комиссиясын жана “Диалогдук аянтча” Жобону бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясын түзүү жна диалогдук аянтча жөнүндо ЖОБОну бекитүү максатында Кенеш айылдык кенешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:

1. Айыл аймакта бизнести жана жергиликтүу экономиканы үчүн жана шарттарын түзүү, экономикалык программаларды иштеп чыгуу жана долборлорду ишке ашыруу максатында “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кенештин турукт уу комиссиясы” төмөнкү курамда түзүлсүн.

1. Канполотов Шергазы - төрагасы

2. Апсаматова Жамила - мүчөсү

3. Ажыматов Курманбек - мүчөсү

4. Байышбек у Шергазы - мүчөсү

5. Караев Советбек - мүчөсү

6. Аккозиева Рахила - мүчөсү

7. Нурбаев Жаныбек - мүчөсү

2. Жогоруда түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө айыл аймактын экономикалык программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү жана башка тийиштүү иш аракеттерди кароо жагы милдеттендирилсин.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдагы ишкерлердин, аярлуу топтордун , коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, тажырыйба жана айыл аймагынын экономикалык, социалдык, маданий саясий маселе көйгөйлөрүн биргелешип чечүү максатында Диалогдук аянтча түзүлсун жана жобосу бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М.жанышалиевке жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Айдаров