Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-февралы № 1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдан калдык болуп калган 8267,8 мин сом жана атайын каражаттардан 68,6 мин сом акча каражаттары 2021-жылга сарпталышы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдан калдык болуп калган 8267,8 мин сом жана атайын каражаттардан 68,6 мин сом акча каражаттары 2021-жылга сарптоо үчүн айылдык Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу сунушунун негизинде айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы Капарова Савлинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдан калдык болуп калган 8267,8 мин сом жана атайын каражаттардан 68,6 мин сом акча каражаттары 2021-жылга пайдалануусу жактырылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдан калдык болуп калган төмөндөгү 70111 разделдин 2215 статьясына 116,5 мин сом, 2221 статьяга 50,2 мин сом, 2222 статьяга 100,0 мин сом, 2223 статьяга 50,0 мин сом, 2721 статьяга 75,0 мин сом, 3111 статьясына 1049,2 мин сом, 3112 статьясына 244,0 мин сом,70629 разделге 2221 статьясына 380,0 мин сом, 3111 статьсына 4333,3 мин сом, 2214 статьясына 420,0 мин сом, раздель 70823 3111 статьясына 417,1 мин сом, раздель 70911 бадар бакчасынын 2215 статьясына 20,0 мин сом, 3112 статьясына 281,0 мин сом, раздель 70921 орто мектептер бөлүмүнүн 3111 статьясына 464,0 мин сом, 3112 статьясына 20,0 мин сом, раздель 70921 негизги мектептерди 3111 статьясына 247,5 мин сом жалпы 8267,8 мин сом бюджеттик каражатка жана атайын каражаттан калган акча каражатты 70911 разделдин 2222 статьясына 68,6 мин сом атайын каражат эсебине сарпталышы бекитилип, райондук каржы башкармалыгына такталган планга киргизип берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
4. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |