Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 2
Кеңеш айыл аймагындагы “Кенеш-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштанды таштоочу полигонду иштетүү үчүн тарифин бекитип берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын “Кенеш-Тазалык” ишканасынын директору Б.Молдокуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бюджет жана экономика комитетинин корутундусуна жана Кенеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу “Кенеш-Тазалык” ишканасынын таштанды ташып чыгарууга жана чыгарылган калдыктарды рекультивация жасоого төлөнүүчү төлөм, иштеп чыккан полигонго тариф 19 сом 40 тыйынга жана киргизилген таштандынын ар бир кубу үчүн 200 сом өлчөмүндөгү акча каражаты бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |