Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 3
Статистика менен эки жылга типтүү келишим түзүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Өкмөт башчысы Р.Омурзаковдун 11.02.2021-жыл №01-17/206 сандуу кайрылуусуна негиз Базар-Коргон райондук статистика бөлүмү менен 2021-2022-жылдарга эки жылга типтүү келишим түзүү жөнүндө Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Базар-Коргон райондук статистика бөлүмү менен 2021-2022-жылдарга эки жылга типтүү келишим түзүлсүн.
2. Кеңеш айыл аймагындагы Статистикалык маалыматтарды толук ишке ашыруу Кеңеш айыл аймагынын Экономист Статисти Арзыкулов Алишерге тапшырылсын.
3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |