Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 4
Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында Көп жылдан бери жашаган жарандардын арызын кароо жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында Калктуу конуштун ичинде көп жылдан бери жашап жаткан жарандардын арызын жана Кенеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун 12.02.2021-жылдын №01-17/221 сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Совет айылындагы Калмурза Турсунбаев көчөсүнүн жашоочулары калктуу конуштун ичинде болгондуктан, көп жылдан бери жашап жаткан жарандардын арызы канааттандырылсын.
2. Калмурза Турсунбаев көчөсүн трансформациялоо боюнча Базар-Коргон райондук Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы жана Базар-Коргон райондук КАДАСТР башкармалыгына иш кагаздарын мыйзамдаштыруу Кеңеш айыл аймагынын жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |