Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 5
Кеңеш айыл аймагынын Сейитказы айылынын жашоочусу Акматалиев Канаттын үлүш жер жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Сейитказы айылынын жашоочусу Акматалиев Канаттын арызын жана Кенеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун 15.02.2021-жылдын №01-17/226 сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сейитказы айылынын тургуну Акматалиев Канаттын 0,30 сотых жер тилкесин иштете албагандыктан өзүнүн макулдугу менен айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |