Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 7
Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылындагы 3,0 га жер тилкесин которуу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылындагы 3,0 га жер тилкесин кайракы жерге которуу боюнча Кенеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун 21.01.2021-жылдын №01-17/101 сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кенеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан №37,21,22,25 контурдан муктаж болгон жарандарга турак жай куруу үчүн 3,0 га жер тилкеси трансформацияга чыгарылган. Бирок аталган жер тилкеси трансформацидан чыгып келгенге чейин сел жана суу ташкындары аталган 3,0 га жер тилкесине жакындап калгандыктан госфонддун кайракы жерине которулсун.
2. Аталган жер тилкеси Базар-Коргон райондук Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы жана Базар-Коргон райондук КАДАСТР башкармалыгына иш кагаздарын мыйзамдаштыруу Кеңеш айыл аймагынын жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен жер боюнча туруктуу комиссия менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүлүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |