КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 8
Кеңеш айыл аймагынын “Кеңеш» маданият үйүнүн экинчи кабатын ижарага берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Совет айылындагы “Кеңеш» маданият үйүнүн артындагы бөлмөсүн ижарага берүү боюнча айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун 09.02.2021-жыл №01-17/201 сандуу сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айыл аймагынын Совет айылындагы “Кеңеш» маданият үйүнүн экинчи кабатында орун алган бөлмөсүн “Келечек нугу” балдар борборунун жетекчиси Абдукаримов Заирдин менен биргеликте графиктин негизинде бири бирине тоскоолдуксуз иш алып баруу жагы “Фаворит” ЖЧКнун директору Алиев Бексултан Таштемировичке милдеттендирилсин.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кенешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |