Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 10
Кеңеш айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетинин иш планын бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы К.Айдаровдун 25.12.2020-жыл №01-01/8 сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга белгиленген бюджети бекитилсин.
2. Кеңеш айыл аймагында жакынкы жана алыскы жайыттарды пайдалануу жылына бир жолу акы төлөө менен жүргүзүлсүн. Шарттуу баш мал башына 100 сомдон, кой, эчкиге башына 20 сомдон, мал жайытка байланышпаган максаттагы жер ижарасынын гектары 1300 сомдон белгиленсин/
3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |