Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 12
Могол-Коргон айылына трансформатор жана столба орнотуу жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин депутаты Нурбаева Гулназдын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айыл аймагынын Могол-Коргон айылына бир трансформатор жана 10 (он) даана столба жылдын төртүнчү кварталына чейин каралып берилсин.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |